• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жазгы айдоого кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 66,1 миң тонна үрөнү даярдалды

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Жазгы айдап-себүү иштерине өлкө боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 66,1 миң тонна үрөнү даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен жаздык буудайдын 23,2 миң тонна үрөнү, жаздык арпанын 40,6 миң тонна үрөнү толтурулду.

Мындан тышкары, гречка, тамеки, сулу жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен 100% камсыз болгон. Эспарцет үрөнү менен камсыз болуу 80,2%, беде – 75,1%, пахта – 94,8%, картошка – 97,5%, жүгөрү – 82,1%, күн карама – 98,3% жана кант кызылчасы – 40,7% күрүч 99,8%, сафлор – 93,6 % түздү.

Белгилей кетсек, республиканын үрөнчүлүк чарбаларында 263 тонна жаздык буудайдын үрөнү, 80,0 тонна жаздык арпа, 183 тонна, пахта 40 тонна болгон.

Пикир

Оставить комментарий