Жазгы авитаминоз: эмне кылуу керек?

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Жаздын келиши менен көпчүлүк адамдардын саламаттыгынын жалпы абалында көйгөйлөр пайда болот, өнөкөт оорулар курчуйт. Мындай абал витаминдердин жетишсиздигине байланышкан, ал авитаминоз же гиповитаминоз түрүндө келип чыгат.

Витаминдер – адамдын жана жаныбарлардын организми үчүн жогорку биологиялык активдүүлүккө ээ болгон, нормалдуу зат алмашуу жана жашоо ишмердүүлүгү үчүн аябагандай чоң мааниге ээ, алмашкыс органикалык кошулмалардын тобу.

Алардын негизги өлчөмү организмге тамак-аш менен чогуу келет, айрымдары гана ичегиде жашаган пайдалуу микроорганизмдер менен синтезделет, бирок мындай учурда дагы алар дайыма эле жетиштүү боло бербейт.

Витаминдер нерв системасынын, көбүнчө булчуң жана башка көптөгөн физиологиялык системалардын нормалдуу иштешин камсыздайт. Тамак-аштын витамин менен камсыздалуу деңгээлинен акыл-эс жана физикалык ишке жөндөмдүүлүгү, организмдин тышкы чөйрөнүн жагымсыз факторлоруна, анын ичинде инфекцияларга жана токсиндерге чыдамдуулугу жана туруктуулугу көз каранды. Рациондо тигил же бул витаминдин көп убакытка чейин жоктугунан улам организмдеги өмүр үчүн маанилүү процесстердин нормалдуу өтүшүнүн бузулушу авитаминоз деп аталган жалпы аталыш менен белгилүү болгон оор дарттардын пайда болушуна алып келет. Ушул тапта мындай кырдаалдар дээрлик кездешпейт.

Тигил же бул даражада билинүүчү витаминдин жарым-жартылай жетишсиздиги – гиповитаминоз дээрлик кеңири жайылган көрүнүш болуп кала берүүдө. Ал кыйла жеңил өтөт, анын белгилери так эмес, азыраак көрүнөт, анын үстүнө адам өзүн начар сезүүсү жана жумушка болгон жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсү менен коштолгон мындай абалдын жашыруун формалары дагы бар.

Авитаминоз жана гиповитаминоз — бул ар башка түшүнүк экендигин эстен чыгарбоо керек.

Авитаминоз витамин жетишсиздигинин оор түрү болуп саналат жана ал организми узак убакытка чейин тамак-аш аркылуу витамин албаган же алардын сиңирилиши бузулган адамдарда аныкталат.

Себептери:

  • организм витаминдерди тамак-аш аркылуу толук баалуу албайт (экзогендик авитаминоз);
  • витаминдердин начар сиңирилиши (эндогендик авитаминоз);

Гиповитаминоз организмди толук эмес канааттандыруу же организмдеги витаминдердин запастарынын азайышы. Гиповитаминоз тез чарчоо, кыжырлануу, чачтын түшүүсү, теринин абалынын, табиттин начарлашы, уйкусуздук жана башка белгилер аркылуу билиниши мүмкүн.

Гиповитаминоз жана авитаминоздун алдын алуу ийгиликтүү болушу үчүн, биринчи кезекте алардын пайда болуу себептерин билүү керек.

Гиповитаминоздун себептери:

  • рациондогу витаминдердин аз болушу жана азык-түлүк топтому боюнча туура эмес тамактануу. Мисалы, рациондо жашылча, жемиш жана мөмөлөрдүн жоктугу организмде С жана Р витаминдеринин жетишсиздигине, рафинаддалган азыктарды (кант, жогорку сорттогу ундан даярдалган азыктар, тазаланган күрүч ж.б.) пайдаланууда организмге B1, В2 витаминдери жана никотин кислотасы аз келип түшөт;
  • рациондо тамак-аш заттарынын ортосундагы туура катыштарды сактабагандык (тең салмакталбаган тамактануу). Мисалы, организмде толук баалуу белоктор узак убакытка чейин жетишсиз болгон учурда С, А, В2 витаминдери, никотин жана фолий кислоталарынын жетишсиздиги келип чыгат; тамактанууда майларды кескин азайтуу ичегиден майды эритүүчү витаминдердин сиңирилишин азайтат; тамак-ашта углеводдор ашыкча болгондо В1 витамининин жетишсиздиги пайда болот;
  • тамак-аш азыктарында витаминдердин камтылышынын мезгилдик өзгөрүүлөрү; кыш-жаз мезгилинде жашылча жана жемиштерде С витамини, ал эми сүт азыктарында жана жумурткада - А жана D витаминдери азаят, ошондуктан кыш-жаз мезгилинде, өзгөчө орточо жана климаты суук аймактарда гиповитаминоздун алдын алуу тажрыйбасын колдонуу керек;
  • азыктарды сактоо жана кулинариялык иштетүү эрежелеринин бузулушу. Мисалы, жашылчаларды муздак жана жылуу түрдө иштетүү эрежелеринин бузулушу аскорбин кислотасынын (С витамини) бузулушуна чейин жеткирет;
  • эмгектенүү жана климаттын өзгөчөлүгүнөн улам келип чыккан витаминдерге болгон орду толтурулбаган жогорку керектөө. Өтө суук климаттык шарттарда витаминдерге болгон керектөө 30-60%га жогорулайт; оор кара күч эмгеги, нерв-психикалык чыңалуу дагы организмдин витаминдерге болгон керектөөсүн көбөйтөт;
  • ар кандай оорулар, биринчи кезекте тамак сиңирүү органдарындагы дарттар;
  • айрым дары-дармектерди узак убакытка чейин пайдалануу (антибиотиктер, сульфаниламиддер ж.б.).

Гиповитаминоз жана авитаминоздун алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө эмнеге көңүл буруу керек

  • тамак-ашта технологиялык иштетүүдөн мүмкүн болушунча азыраак даражада өткөн азыктар басымдуулук кылышы керек: тазаланбаган күрүч, тазартылбаган өсүмдүк майлар, нак быштак, эт;
  • түрдүү меню;
  • тамактарды жумасына аз дегенде эки жолу алмаштырып түрлөө;
  • азыктардын тамак-аш баалуулугун азайта турган узакка созулган кайнатуу, бышырууну колдонбоо. Бул үчүн тамакты грилге же бууга даярдоо керек, ошондой өсүмдүк майын ашыкча ысытуунун кереги жок;
  • жашылча-жемиштерди мүмкүн болушунча көп пайдалангыла;
  • көпчүлүк жемиштер узакка сакталгандыктан тамак-аш баалуулугун жоготот, бирок витаминдердин жетишсиздигин жаңгак жана кургатылган жемиштердин жардамы менен толуктоого болот;
  • кайсы гана жемиш болбосун, ал канчалык көпкө сакталса дагы ден соолук үчүн баштыктагы ширеге караганда пайдасы көбүрөөк болот;
  • үйдө даярдаган учурда маринаддалган (уксус маринады жашылчада камтылган витаминдерди дээрлик толугу менен жок кылат) эмес, ачытылган жашылчалардын пайдасына тандоо жасоо керек;
  • авитаминоз жана гиповитаминоз менен ооруп калуудан коргонууга түрткү берүүчү маанилүү фактор сергек жашоо мүнөзү болуп саналат.

Маалымат Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунан алынды

Пикир

Оставить комментарий