• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жазуучулар союзунун төрагалыгына Каныбек Иманалиев шайланды

Коом 0

Бишкек, 22.04.24./Кабар/. Жазуучулар союзунун төрагасы болуп Каныбек Иманалиев шайланды. Мындай чечим 22-апрелде Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун XVI курултайында кабыл алынды.

Төрагалыкка төрт адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Алар:
- КР Эл акыны Жедигер Саалаев;
- КР Эл акыны Кожогелди Кулуев;
- акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев;
- акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Атантай Акбаров.

"Бирикменин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон Каныбек Иманалиев менен Кожогелди Кулуевге 2-турда кайрадан добуш берилип, жыйынтыгында 70 добуш менен Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды", - деп кабарлашты бирикмеден.

Белгилей кетсек, Улуттук жазуучулар союзун 2019-жылдан бери Нурлан Калыбеков жетектеп келди.

Бул орунга төрага 5 жылда бир шайланат.

Союзга жалпы жонунан 570 калемгер мүчө.

Пикир

Оставить комментарий