• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курамасы Беларустагы мелдеште 6 медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Кадеттер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Беларустагы мелдеште 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-7-март күндөрү Минск шаарында өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 6 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңишти:

Узундука секирүү боюнча:

Алтын – Светлана Майер (5.17);

Чуркоо боюнча:

Алтын – Калыс Таштанов, 1500 метр аралыкта (4:27.7);

Күмүш – Анастасия Бондаренко, 60 метр аралыкта (7.8);

Коло – Калыс Таштанов, 800 метр аралыкта (2.05,8);

Коло – Анастасия Бондаренко, 200 метр аралыкта (26.3);

Коло – Артем Слесаренко, тоскоолдуктар менен 60 метрге чуркоо (8.4).

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий