Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 17-18-апрелде Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт сарайында өттү.
Мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 169 спортчу катышты.
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Жеңил атлетика федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
Пикир
Оставить комментарий