• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жеңил атлетикада Кыргызстандын курама командасы медаль боюнча 8 орунга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Спорттун жеңил атлетика түрүнөн Кыргызстандын курама командасы медалдардын саны боюнча Азия чемпионатында 8-орунду камсыз кылды.

Азия чемпионаты 6-9-июль аралыгында Индияда өткөн. Жалпысынан 42 комплект медаль ойнотулган. Кыргызстандын командасында 6 спортчу таймашка чыгып, 3 медаль алууга жетишишкен.

Дарья Маслова таймаштын биринчи күнү 5000 метрге чуркоодо биринчи келип, алтын медаль алган. Мындан тышкары жыйынтыктоочу күнү 10000 метрге чуркоодо дагы биринчи келип алтын медаль тагынган.

Ошондой эле, 10000 метрге чуркоодо эркектер арасында Адилет Кыштакбеков үчүнчү келип коло медалды илип кеткен.

Медалдын саны боюнча биринчиликте 29 медаль менен Индия, экинчиде 20 медаль менен Кытай, Казакстан 8 медаль менен 3-орунга татыган.

Пикир

Оставить комментарий