• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жеңил атлетка боюнча курама Ташкент марафонуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстанда өтө турган эл аралык марафонго катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 11-13-март күндөрү Ташкент шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Илья Тяпкин;
2. Нурсултан Кеңешбеков;
3. Бердигул Айтпай уулу;
4. Александр Салахудинов;
5. Тилекжан Жекшенаалы уулу;
6. Гүлшанай Саттарова;
7. Айнуска Калил кызы.

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучулар Татьяна Борисова жана Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий