Бишкек, 30.11.17./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында “Степвагон” үлгүсүндөгү унаа айдоочу жана жүргүнчүлөрү менен Чычкан суусуна кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-ноябрда саат 23:48 чамасында болгон.
“Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Бактыга жараша унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөр эч кандай жаракат алышкан эмес”,-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий