• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Жеңишбек Молдокматов: Бийлик менен коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бийлик менен коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус. Мындай пикирин коомдук активист Жеңишбек Молдокматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан кийин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу саясий маданияттын жанданышынан кабар берет.

"Биз Кемпир-Абад иши менен айыпталып, акыры акталып чыккандар УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин чакыруусу менен кабыл алуусунда болдук. Кемпир-Абад маселеси боюнча маалымат берилди. Бүгүнкү жолугушуу – саясий маданияттын жанданышы болду. Ачуу да, жактуу да сөздөр айтылып, жалпысынан пикир алмашуу позитивдүү нукта өттү. Саясий иште саясий диалогдун орун алганы – саясий маданияттын көрсөткүчү. Бийлик жана коомдун ортосунда ар дайым диалог болгону дурус. Саясий диалогго мүмкүнчүлүк түзгөн Камчыбек Кыдыршаевичке ыраазычылык билдирем!"- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад боюнча каршылыгын билдирип жүргөн активисттер жана саясатчылар менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий