• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жеңишбек Жоробеков ЖКККББнын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жаңы башчысы болуп Жеңишбек Жоробеков дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек жапаров кол койду.

Белгиленгендей, Жоробеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду.

КР ИИМдин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысы милдеттерин убактылуу аткаруу, мурунку ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерин аткарууну бошотуу менен, милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү.

Ошол эле буйрук менен, Ош облусунун Араван РИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткаруу, милициянын полковниги Мирлан Ниязалиевге жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий