ЖЭБдеги авария: Жаңы блокту ишке киргизүү тийиштүү жыйынтык бермек эмес

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча иштин соттук процесси өтүүдө.

Айыпталуучу, мурдагы башкы инженер Нургазы Курманбековду суракка алуу улантылды.

26-январь күнү директор катышкан кеңештин жүрүшүндө жаңы үчүнчү блокту ишке киргизүү чечилген, бирок ал ишке киргизилген эмес.

"Биз аны саат 18:00дө ишке киргизүүнү пландаганбыз. Бирок авария болуп кеткенден кийин ал пайда бермек эмес. Себеби, ал процесс 12-18 саатты алмак. Тийиштүү жыйынтык бермек эмес. Жаңы блокто мазут, газ да жагууга болот. Так айта албайм, бирок газ менен көйгөй болгон болушу мүмкүн", - деди Курманбеков.

Анын айтымында, 25-январь күнү тоңуп жатканы байкалган. Ал түшкө жакын билген. Бирок, түштүн кийин жабдык жылытылган.

"26-январь күнү таңында эч кандай тоңуу болгон эмес. Бирок, биз мангалдарды көбөйткөнбүз", - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБиндеги авария 2018-жылы 26-январында болгон. Анын айынан Бишкек шаарынын көп бөлүгү жылуулуксуз калган.

Ал боюнча Кыргызстандын башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ("Шалаакылык") кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге, "Электр станциялары" ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча башкаруу тобунун директору Темирлан Бримкуловго жана "Электр станциялары" ААКсынын мурдагы төрагасы Узак Кыдырбаевге Кылмыш кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2 пункту ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") боюнча айып тагылууда.

Ошондой эле, аталган берене боюнча "Электр станциялары" ААКсынын төрагасынын мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу, башкы инженер Нургазы Курманбеков, “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий