• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖЭБди калыбына келтирүү. Түркмөнстан жөнөткөн гумжардам Бишкекке жетти

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарасына КР энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышты.

Министрдин орун басары Түркмөнстандын президентине, Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин коңшу Өзбекстан да гуманитардык жардам катары 1 миң суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий