• 87
  • 90.41
  • 0.84

ЖЕЭКнын кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү - сүрөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция режиминде жыйыны өттү, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин башчылары – Куба Республикасынын Президенти Мигель Бермудес, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдик Кыргыз Республикасы үчүн мүчө-мамлекеттерди жакындатуучу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун өсүүчү потенциалы бар маанилүү интеграциялык бирикме болуп эсептелерин белгиледи.

Мындан сырткары ал кесиптештерин азык-түлүк өнүмдөрүнүн тартыштыгын алдын алуу жана бири-бирин толуктоону камсыз кылуу үчүн келечекте ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик базаны шайкеш келтирүүгө биргелешкен практикалык чараларды көрүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикасынын эриш-аркак өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздоо каралган, өнүгүүнүн тең салмактуу шарттарын түзүүгө багытталган реалдуу инструменттерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, Президент коронавирус пандемиясына жана чектөөчү чаралардын кабыл алынышына байланыштуу экономикалык кризис бүткүл Биримдиктин экономикасына эбегейсиз таасирин тийгизгенин, анын кесепетинен киреше төмөндөп, жакырчылык деңгээли, жумушсуздук өскөнүн белгиледи.

«Бул көйгөйдү чечүү үчүн, биз калктын кирешелерин жакындатууга жана экономикабызды түздөп кетүүгө багытталган мүчө-мамлекеттердин экономикасын кармап калуу механизмдерин жана максаттуу программаларын системдүү жана мазмундуу иштеп чыгуубуз керек», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Жыйын жыйынтыгы боюнча бир катар актылардын долбоорлору жактырылып жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө билдирүүсү кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий