• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамкатчысынын милдетин аткаруучу менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын милдетин аткаруучу Жон Басс менен жолугушту.

Ведостводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан 79-БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Министр Кулубаев Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн колдоодогу АКШнын маанилүү ролун белгилеп, өлкөдө саясий институттарды, сөз эркиндигин жана адам укуктарын бекемдөө боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар жакында өткөн эки тараптуу консультациялардын маанилүүлүгүн белгилешти, анын ичинде 2023-жылы Вашингтондо жана 2024-жылдын апрелинде Бишкекте өткөн жолугушууларды, ошондой эле кызматташуунун негизги маселелерин талкуулоо боюнча диалогду улантууга болгон өз ара кызыкчылыкты ырастады.

Ошондой эле ал C5+1 форматындагы чөлкөмдүк кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, 2024-жылдын сентябрында Бишкекте өткөн C5+1 Катчылыгынын ийгиликтүү жыйынын жогору баалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Эки өлкө ортосундагы сооданын өсүп жатканына карабастан, Министр Ж.Кулубаев АКШнын инвестицияларын Кыргызстанга, айрыкча энергиянын кайра жаралуучу булактарын, «жашыл» жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, ошондой эле IT секторуна көбүрөөк тартуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Кулубаев Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоого көрсөткөн колдоосу жана Кыргызстандын коргоо органдарына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн АКШ тарабына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев 2027-2028-жылдардагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн да билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстан 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык Тоо саммитинде беш жылдык тоо аймактарын өнүктүрүү планынын жыйынтыгын чыгарууну сунуштап, АКШны бул иш-чарага катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий