Жээнбек Кулубаев Алматыда ЖККУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-июнда Алматы шаарында Казакстандын төрагалыгында өтө турган ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ведомстводон маалымдашкандай, отурумда эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле Уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий