• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбек Кулубаев Астанада БА мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Астанада Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин мышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, жыйындын негизги максаты Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы VI консультативдик жолугушуусунда кол коюла турган күн тартибиндеги маселелерди жана жыйынтык документтерди талкуулоо болду.

Борбордук Азиянын Тышкы иштер министрлери саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, гуманитардык байланышты тереңдетүү жана аймактык коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу максатында кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен жакшы мамиледе болуу принциптерин карманып, Борбордук Азиядагы элдин бакубаттуулугун жогорулатууга жана аймактагы стабилдүүлүктү чыңдоого багытталган регионалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдиришип, аймактын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз жолугушуулардын маанилүүлүгүн ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий