• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жээнбек Кулубаев Астанада ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/ Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эртең, 28-ноябрда Астана шаарында өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен отурумуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, отурумда ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий абалды жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүн талкуулоо пландаштырылууда.

Биргелешкен жыйындын катышуучулары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилип жаткан уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча бир катар документтерди жактырышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий