Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарукту кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Беларусь мамилелерин, анын ичинде КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ, ЕККУ жана ШКУ эл аралык уюмдарынын алкагында кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар 2024-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын жыйынтыктарын жогору баалашты.
Пикир
Оставить комментарий