Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга иш сапары менен келген БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, эл аралык күн тартиби боюнча жемиштүү пикир алмашуу орун алды.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жогорку даражалуу мейманды жылуу кабыл алып, БУУнун Кыргызстандагы мекемелеринин ишмердүүлүгүнө оң баа берди, ошондой эле тоо күн тартибин илгерилетүү контекстинде климаттын өзгөрүшү маселелерине кеңири токтолду.

Атап айтканда, 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. Ошол эле жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы кабыл алынып, анын алкагында 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган. ФАО алдындагы Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгынын колдоосу менен Глобалдык иш-аракеттер планы иштелип чыгып, Трасттык фондду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Афганистанды талкуулап, кыргыз тарап 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргызстандын приоритеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады, ошондой эле кыргыз тарапка Тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде активдүү илгерилетип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ушундай кооз жаратылышы менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселесинде башка мамлекеттерге үлгү болууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев жана Башкы катчы Антониу Гутерриш басма сөз алдында билдирүү жасашты. Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар, ошондой эле мындан аркы кызматташуу боюнча пландар тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий