• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жээнбек Кулубаев Дипломатиялык академиянын студенттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Күн мурун Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, салтанаттуу азем тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо сөзү менен башталып, ал өлкөнүн тышкы саясатынын кызматында дипломатия жана эл аралык мамилелер багытында билим алуунун маанисине токтолду. Өз сөзүндө министр учурдагы этапта Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктарын белгилеп, Дипломатиялык академиянын республиканын кызыкчылыктарын эл аралык аренада натыйжалуу коргогон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу ролун баса белгиледи.

Ачылыш сөзүндө Дипломатиялык академиянын ректору Акылбек Кылычев да студенттерди жана окутуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, алдыдагы окуу жылы үчүн негизги максаттарды жана милдеттерди белгилеп, Академия студенттерди кесиптик өнүгүүсүндө активдүү колдоону улантып, ийгиликтерге жетүү үчүн бардык зарыл ресурстарды камсыз кыла берерин айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында ректор министрге мазмундуу сөзү үчүн ыраазычылык билдирип, анын студенттер менен окутуучуларга берген насааттары Дипломатиялык академиядагы чыгармачыл иштерди өркүндөтүүгө стимул болоруна ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий