• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жээнбек Кулубаев Германиянын элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, жашыл экономика жана климатты коргоо жаатында, келишимдик-укуктук база, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий