• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Москвага келди

Саясат 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-октябрда өтө турган КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат.

Ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлору каралат.

Пикир

Оставить комментарий