• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында орун алды.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүндү.

Эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн Жээнбек Кулубаев расмий делегациялардын визиттери менен алмашууну жана тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий