• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Бүгүн Москва шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, делегациянын башчылары КМШнын алкагында эл аралык багыттагы актуалдуу маселелерди, саясаттын артыкчылыктуу багыттарын, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара алакаларды талкуулашты. Ошондой эле алар КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволоруна, коопсуздук жана маданий-гуманитардык чөйрөгө тиешелүү маселелерди карашты.

КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 2025-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында көп деңгээлдеги Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларынын планын карап, бекитти.

Мындан тышкары, тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы отурумунда бекитүүгө сунуштала турган бир катар документтерди бекитти.

Белгиленгендей, КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2025-жылдын 11-апрелинде Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий