Жээнбек Кулубаев KOICA президенти Сон Хюк Санг менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сон Хюк Санг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө, Кыргызстандын Корея өкмөтүнөн өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин жана 2022-жылдын январында корей тараптан бекитилген экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстанга көмөк көрсөтүү стратегиясын эске алып, KOICA аркылуу гранттык жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алышты.

Тараптар учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну жана 2024-жылга карата артыкчылыктуу багыттарда: мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, жашыл экономика, экология, айыл чарба, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук боюнча долбоордук өтүнмөлөрдү илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап KOICAнын ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана өкүлчүлүктүн Кыргызстанда болушу өлкөнүн түрдүү тармактарда өнүгүүсүнө кошумча стимул берет. Министр билдиргендей, эгемендүүлүк алгандан бери KOICA Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болуп калды.

Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарында биргелешкен долбоорлорду көбүрөөк ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, президент Сон Хюк Санг KOICA`нын Кыргызcтандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өзгөчө Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамдын көлөмүнүн өскөнүн белгиледи. Ал өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, KOICA`нын кыргыз тарап менен эффективдүү өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев KOICAнын президенти Сон Хюк Сангды жакын арада Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий