• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жээнбек Кулубаев Кореянын элчиси Ким Кванджэны кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэны кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-кореялык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулап, саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сын-пикирлер менен алмашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ченемдик укуктук базасын чыңдоо маселелери да көтөрүлүп, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Пикир

Оставить комментарий