• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.12.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү – тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу КЭРдин Чэнду шаарында «Борбордук Азия - Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусуна катышуусунун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын акыркы жылдары байкаларлык активдешкендигин белгилеп, соода-экономикалык тармактагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, банк секторлорундагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле «Иркештам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары «Бир алкак, бир жол» демилгесинин маанилүү бөлүгү боло турган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу этабын баштоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Бул контекстте тараптар үстүбүздөгү жылы жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ийгиликтүү ачылышын белгилешти.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ТИМ башчысы эки өлкө ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле, тараптар БУУ, ШКУ алкагында кызматташуу жана «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий