Бишкек, 30.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрү менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты чыңдоо жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Азия, Европа жана Америка сыяктуу мамлекеттер менен байланыштарды жөнгө салуу жана кеңейтүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алдыдагы 2025-жыл Тышкы иштер министрлиги, өлкөнүн тышкы саясат үчүн эң активдүү жылдардан болоору күтүлүүдө.
“Дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп жатат. Дүйнөдөгү эң чоң мамлекет АКШда жаңы президент бийликке келет. Жаңы бийликтин келиши менен дүйнөдөгү көптөгөн конфигурациялар өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги эл аралык саясатта дайыма алар менен кызматташып, өлкөбүздүн кызыкчылыгын, суверенитетин сактаганга аракет кылабыз”,- деди Кулубаев.
Ошондой эле министр өз сөзүндө Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен дайыма алакаларды түзүп, саясий диалог түзгөнгө аракет кыларын белгиледи.
“Андан тышкары биз үчүн приоритеттүү болгон Азия, Европа, Араб мамлекеттери менен кызматташтыгыбызды кийинки жылы мындан да жогорку деңгээлге өнүктүрүүгө аракет кылабыз”,- деди Жээнбек Кулуев.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын январь айына чоң мамлекеттерге визиттер даярдалып жатканы жыйындын жүрүшүндө маалым болду.
Пикир
Оставить комментарий