• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев Монаконун тышкы иштер министри Изабель Берро-Амадей менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монаконун тышкы иштер министри Изабель Берро-Амадеи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында болуп өттү.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу диалогду жандандырууга кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү катары талапкерлигин көрсөтүп жатканын айтып, бул талапкерликти колдоп берүүнү өтүндү.

Тараптар БУУну кошкондо эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашып, эки тараптуу байланышты мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий