• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жээнбек Кулубаев Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бүгүн сербиялык тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Сербиянын премьер-министринин биринчи орун басары – тышкы иштер министри Ивица Дачич телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, атап айтканда Ивица Дачичтин 2023-жылдын 6-апрелинде Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды илгерилетүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташууну кеңири активдештирүүгө, ошондой эле экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктери билдиришти.

Ошондой эле министрлер эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий