• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, тараптар үстүбүздөгү жылдын ноябрында Астанада өткөн ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын 10-саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле Уюмдун күн тартибиндеги ар кандай багыттары боюнча кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде бир катар иш-чараларды Кыргызстанда өткөрүү тууралуу пикир алышты.

Башкы катчы ТИМ башчысына Уюмдун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле алдыдагы мезгилге иш пландары тууралуу маалымат берди.

Министр Кулубаев Кыргызстандын аймагында пландаштырылган тармактык иш-чараларды, ошондой эле 2024-жылы ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын 11-саммитин өз убагында жана толук кандуу өткөрүү үчүн координацияланган өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүлдү бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен ТМУнун катчылыгынын ортосунда мындан аркы тыгыз байланыштарды улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий