Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.

Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, башкы катчы министрге үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Азербайжандын Шуша шаарында өтө турган ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин бейформал жолугушууларына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын аймагында өткөрүлүүсү пландаштырылган ТМУ алкагындагы иш-чараларды, анын ичинде октябрь айында Бишкекте өтүүчү ТМУнун кезектеги 11-саммитин кеңири талкуулашты.

Өз кезегинде министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда ТМУ катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери жана аларды ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары каралды.

Пикир

Оставить комментарий