Жээнбек Кулубаев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Кечээ, 17-августта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапарынын алкагында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк рухуна негизделген эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилешти.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестициялык) фондун түзүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын иш-чаралар планын ишке ашыруу жана жакынкы аралыкта анын кийинки жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Фуат Октайга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саламын айтты.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулуусун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий