• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Жээнбек Кулубаев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйындарына көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү тууралуу министрге маалымат берди.

Башкы катчы ошондой эле жогоруда аталган иш-чараларда кол коюуга жана кабыл алууга пландаштырылган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун жүрүшү жана уюштуруучулук-мазмундук мүнөздөгү башка маселелер тууралуу маалымдады.

Өз кезегинде,Жээнбек Кулубаев алдыдагы иш-чаралардын мазмунун сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн жана ТМУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда документтердин долбоорлорун тез арада макулдашуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар алдыдагы мезгилге ТМУдагы Кыргызстандын төрагалыгы боюнча пикир алмашып, төрагалыктын алкагындагы иш-чаралардын планын талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Уюмдун алкагында алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге өз ара даярдык белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий