Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кулубаев Жээнбек Молдоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Жээнбек Кулубаев буга чейин КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий