• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жээнбек Кулубаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев казак тараптын төрагалыгы алдында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагындагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Талкуунун предмети ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУнун уставдык органдарынын алдыдагы жыйындарына даярдыктын жүрүшүн камтыды.

Пикир

Оставить комментарий