Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы курман болгон жокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Президент Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.
«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.
Пикир
Оставить комментарий