• 89.43
  • 96.86
  • 0.95

Жээнбеков: Айтматов – кыргыз адабиятынын гана эмес, орус адабиятынын да классиги

Президент 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. «Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, Россияда да чоң сый-урмат менен мамиле кылаарына дагы бир ирет ынанып отурабыз», — деп айтты президенти Сооронбай Жээнбеков Россияга жасаган иш сапарынын алкагында, Москва шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде.

Мамлекет башчысы бул маанилүү күн менен куттуктап жана эстеликти курууга катышкандардын баардыгына ыраазычылык билдирди.

«Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, Россияда да чоң сый урмат менен мамиле кылаарына дагы бир ирет ынанып отурабыз», - деп белгиледи Жээнбеков. — Чыңгыз Айтматов — кыргыз адабиятынын гана эмес, орус адабиятынын да классиги. Ал өзүнүн улуу таланты менен дүйнөдө кыргыз жана орус маданиятынын көрүнүктүү өкүлү боло алды. Айтматов өзү да «кыргыз жана орус тилдери анын эки канаты» экенин айткан».

Жээнбеков Айтматов даанышман жазуучу гана болбостон, глобалдык масштабдагы инсан, көп кырдуу талант экендигин өзгөчө белгиледи. Ал өзүн публицист, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат катары да көрсөтө алды.

«Муну улуу муун жакшы билет, ал эми жаштардын эсине салып коёюн. Өз кезегинде Чыңгыз Төрөкулович Россия Федерациясынын Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болгон», – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Жазуучунун тынчтыкты бекемдөөгө, гумандашууга жана эл аралык мамиленин өнүгүшүнө кошкон салымы туурасында айтып келип, Сооронбай Жээнбеков 1986-жылы Чыңгыз Айтматов айтылуу Ысык-Көл эл аралык форумун өткөргөнүнө токтолду. Анда дүйнөлүк масштабдагы белгилүү интелектуалдар адамзаттын көйгөйлөрүн талкууулашкан. Ошол жерде ой жүгүртүүнүн жаңы образы пайда болгон.

«Чыңгыз Айматовдун баштаган ишин улантып, биз ушул жылдын октябрь айында Ысык-Көл форумунун кезектеги жыйынын өткөрдүк. Бул улуу гуманист жана ойчулдун элесине эл аралык коомчулуктун сый-урматынын дагы бир далили болуп калды», -деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Чыңгыз Айматовдун ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө ыйык сезимди жана улуттук сыймыкты жаратаарын айтты.

«Ал өзүнүн улуу таланты менен кыргыз элинин бай тарыхын жана кайталангыс маданиятын дүйнөнүн баардык окурмандарына жеткире алды. Биз, кыргыз эли дүйнөлүк маданиятка эки чоң салым коштук. Бул «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматов», – деди мамлекет башчысы. – Буга байланыштуу президент Владимир Путинге, жалпы Россия элине, өзгөчө москвалыктарга терең ыраазычылыгыбызды билдиргенибиз орундуу. Анткени эми Москвада Манастын да Чыңгыз Айтматовдун да эстелиги бар.

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бүткүл дүйнөгө таанымал, анын повесттери жана романдары дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн катарында турат. Ал биздин доордун эң көп окумдуу жазуучуларынын бири», – деп белгиледи кыргыз президенти.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов бүгүн чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик экени белгиленди. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Мисалы, жазуучунун «Жамийла» повести ондогон тилдерге которулган. Немец тилинде гана бул повесть 37 жолу кайра басылып чыкты.

«Айтматов өз чыгармаларында жакшылык менен жамандыктын ортосундагы келишкис күрөштү чагылдырат. Доорубуздун көрүнүктүү гуманисти катары ал адилеттүүлүктү жана адамдын абийирин даңктаган», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал быйыл дүйнөлүк коомчулук улуу гуманисттин 90 жылдыгын кеңири белгилеп жатканын белгиледи. Анын мааракесине арналган иш-чаралар БУУнун Башкы Ассамблеясынын аянтында, Түрксой эл аралык уюмунун алкагында өттү. Анын мааракеси Россияда, Түркияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Азербайжанда, Беларусияда, Англияда, Германияда, Японияда жана башка өлкөлөрдө белгиленди.

«Анын даанышман ойлору, китептери, идеялары дайым биз менен. Татаал жана ыкчам өзгөрмөлүү дүйнөдө бизге руханий компас катары дайыма келечекке жол багыттайт», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эстеликтин ачылыш аземине Москва шаарынын мэрии Сергей Собянин, Кыргызстанжын аданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Россиянын маданият министри Владимир Мединский, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, РФ президентинин эл аралык жана маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой катышышты.

Маалымдама: Москва шаарындагы Айтматовдун эстелигинин автору Азамат Абдрахманов, Россия тараптан архитектор — Сергей Павлов. Скульптура колодон куюлган. Анын бийиктиги постаментти эсептебегенде — 2 м 70 см.

Эстелик Данилов районундагы Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин кесилишинде, Айтматов атындагы скверде орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий