• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жээнбеков «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланган.

Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр.

Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тутум, социалдык объектилердин курулушу, энергетика жана башка тармактарда биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирген.

«Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шаваф мамлекет башчысына компаниянын Кыргызстандын ички рыногунда инвестициялоо боюнча пландары тууралуу айтып берген.

Ал, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы рынокто 50 жылга жакын ийгиликтүү иштеп таанылгандыгын белгилеген.

Фахер Аль Шаваф белгилегендей, компания узак мөөнөттүү негизде ата мекендик экономиканын бардык ири тармактарында жана социалдык чөйрөдө долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды салат. Ал, «Аль Бавани Ко ЛТД» компаниясы президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалаган.

Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастаган.

Пикир

Оставить комментарий