• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жээнбеков банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек,10.05.10./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Банк чөйрөсү Кыргызстан экономикасынын динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлорунун бири.

Республиканын аймактарын бирдей өнүктүрбөсөк жана жарандардын турмуш сапатын жакшыртпасак, өлкөнү стратегиялык өнүктүрүү максатына жетишүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан финансы каражаттарын региондорго багыттоо ишин улантуу өтө маанилүү. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду активдүү каржылоо зарыл. Биринчи кезекте кайра иштетүүчү жана экспортко багытталган ишканаларга көңүл буруу керек.

Санарип экономикага өтүү шартында финансы-кредиттик уюмдар каржылоонун инновациялык каражаттарын ишке кеңири киргизүүгө багыт алышы абзел.

Коммерциялык банктардын ролун жогорулатуу өтө маанилүү. Алар насыяларды көп берип, инвесторлор жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, эң алдыңкы банк технологияларын колдонуу менен төлөм системасын өнүктүрүүгө милдеттүү.

Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Аларды арзан жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, кыска мөөнөттө берүү зарыл.

Жарандарыбыздын бакыбат турмушу жана коомубуздун гүлдөп-өнүгүшү сиздердин кажыбас эмгегиңиздерге, ак ниет жана тыкан ишиңиздерге байланыштуу болот.

Банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, бай тажрыйбасы жана чыгармачыл дарамети өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу максаттарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, албан ийгиликтерди, жемиштүү иш жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий