Жээнбеков: Биздин эр-азаматтарыбыз өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү

Президент 0

Бишкек, 15.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Биздин эр-азаматтарыбыз өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү”, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада.

Өлкө башчысы келген коноктор менен учурашып, афган-ардагерлерге көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, таазим этти.

Президент өз сөзүндө, Ооган жергесинен советтик аскерлер толук чыгарылгандыгына 30 жыл өттү деп билдирди. Көп улут өкүлдөрүнөн турган советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандыктар өз милдетин аткарды.

“Биздин эр-азаматтарыбыз өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү. Ооган согушунда 248 кыргызстандык курман болду. Бир жарым миң жоокер жаракат алып, кырчындай балдар майып болду.Тогуз жылдан ашык созулган Ооган согушу көптөгөн адамдын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендештерибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынанн, өмүрлүк жарынан ажырады”, - деди президент.

“Аскердик милдетин каармандык менен аткарган баардык мекендештерибиздин эрдигине баш иийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмадыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий