Бишкек, 05.02.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду.
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:
— Улугбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы;
— Зайырбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
— Акылбек Султанов — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
— Бакытбек Сагынбаев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу.
Пикир
Оставить комментарий