• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков: Чек ара коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамилелер өзгөчө маанилүү

Президент 0

«Биздин көңүл биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө бурулушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынында.

Мамлекет башчысы элдердин бакубатчылыгы жана жашоо сапатынын өсүшүн камсыздоого багытталган Шериктештик өлкөлөрдүн кызматташуу динамикасына жаңы дем берүүнүн маанисин белгиледи.

Ишкерлик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өз ара пайдалуу ишкердик байланыштарды жөнгө салуу жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода-сатык жүргүзүү аймагынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент агроөнөр жай комплексине инновациялык жетишкендиктерди жана логистика маселелерин киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурду.

«Бүгүн дүйнөдө биз өлкөлөрдүн протекциялык саясатка кайтып келүү көрүнүштөрүн байкап жатабыз. Жүк ташуу, автоунаа жана темир жол ташууларында өлкөлөрүбүздүн кызматташуусунун жаңы мамилелерине чыгып, транспорттук коридорду кеңейтишибиз керек. КМШнын жаңы экономикалык өнүгүүсү жөнүндө стратегиясы Шериктештиктин потенциалын толугураак колдонууга негиз болот деп ойлойм», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө КМШнын ролун жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Чек ара коопсуздугу жана мамлекеттик чек араларды коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер өзгөчө маанилүү болуп саналат. Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биздин атайын кызматтардын мамилелерин арттырууну сунуштайм. 2020-жылга чейинки КМШга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгы Концепциясын ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат. Концепция биздин аскердик ведомстволордун аскердик жана аскердик-техникалык мамилелерин бекемдөөгө жол берет», — деп айтты Президент.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан КМШнын катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин 75 жылдыгына байланыштуу Кайрылуусун колдогонун өзгөчө белгиледи.

«Жеңиш күнү — жалпы тарых жана элдерибиздин тагдыры тууралуу эскертип турган өзгөчө күн. Бизди узак жылдарга бириктире турчу ыйык эскерүү күнү. Алдыдагы Улуу Жеңиштин мааракеси — бул биздин фашизм менен күрөшүүдө курман болгон аталарыбыз жана чоң аталарыбыздын элесине таазим этүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк. Биз тарыхыбызды сактап калып, аны кайрадан жазып чыгуу аракеттерине биргелешип каршы турушубуз керек. Кыргызстан Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине байланыштуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрөт», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы КМШга төрагалык кыла турчу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге ийгиликтерди каалап, анын натыйжалуу болушуна жана КМШнын алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу салым кошооруна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий