• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Жээнбеков дарыгерлердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу алардын жакындарына көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүрүп, көз жумган медицина кызматкерлеринин катарлары дагы бир канча ысымдар менен толукталды. Алар пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алып, анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенген адамдар. Бүгүн мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат», — деп кайгыруу менен белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан эли акыркы күндөрүнө чейин берген антына бекем турган дарыгерлердин ысымдарын ар дайым эстеп жүрөрүн баса белгиледи.

Алар:

— Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;

— Ысык-Көл районунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;

— Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;

— Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын тез терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;

— Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;

— Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери Валерий Гауп.

«Кыргызстандыктар адамдардын ден-соолугун жана өмүрүн сактап калуу үчүн алардын жасаган көп жылдык эмгектерине болгон ыраазычылыктарын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакташат. Пандемия башталган күндөн тартып алар коронавирус инфекциясына каршы алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштурууга чоң салым кошушту. Медиктерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий