• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жээнбеков Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу.

Жаш журналистти шум ажал арабыздан алып кетпегенде, келечекте дагы далай жемкорлордун чыныгы жүзүн ашкерелеп, далай кыңыр иштердин бетин ачмак! Тилекке каршы, журтубуз, кыргыз журналистикасы коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн таланттуу жаш калемгерден айрылды.

Уланбек инимдин бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына жана „Азаттыктын“ чыгармачыл жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот».

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков

Пикир

Оставить комментарий