• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жээнбеков Янош Адерди Венгриянын Улуттук күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Президенти Янош Адерди Венгриянын Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Венгриянын мамлекеттик майрамы — Улуттук күнү менен чын дилимдем куттуктайм!

Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын жана кеп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттердин жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн, биз эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-венгр мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда мындан аркы ийгиликтерди каалайм, ал эми достук мамиледеги Венгрия элине — тынчтык жана гулдөп-өнүгүүнү каалайм!», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий