• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жээнбеков иш сапары менен Баткен жана Жалал-Абад облустарына барат

Президент 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда Мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары жана ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий