• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жээнбеков: Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү

Президент 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. «Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. Муну менен биргеликте, экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Пикир

Оставить комментарий