Бишкек, 5-июль /Кабар/. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Чүй облусуна барат. Бул тууралуу өкмөт башчынын аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.
Иш сапардын алкагында премьер-министр “Кара-Балта-Бишкек” унаа жолунун курулуш иштери жана Панфилов районундагы “Кайыңды Кант” заводуна алып баруучу жолдун абалы менен таанышат.
Ошондой эле, өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдовар-автожолу» көзөмөл-өткөрүүчү пунктун текшерет.
Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Жайыл районундагы Сосновка жана Панфилов районундагы Букара айылында жайгашкан Текеев атындагы орто мектептин курулуш иштеринен кабар алат.
Сооронбай Жээнбеков Кара-Балтадагы айнек ишканасынын жана Чүй облусундагы бир катар мекемелердин иши менен таанышат.
Пикир
Оставить комментарий