• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Казакстандын президенти Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактарда кызматташууну өркүндөтүү боюнча биргелешкен чараларды көрүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий